10:11 Келерки жылы атактуу окумуштуу Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгы белгиленет

Иса Ахунбаевдин 100-жылдыгын белгилөө жөнүндө өкмөткө тапшырма берүү жөнүндө маселени парламенте депутат Султан Урманаев көтөрдү. Анын айтымында, Иса Ахунбаевдин ысмын Бишкектеги Медициналык академияга берүү жөнүндө мурда демилге көтөрүлүп, ал дагы ишке ашпай келатат. Иса Ахунбаев жүрөккө операция жасаган Кыргызстандагы биринчи хирург катары таанымал. Ал ошондой эле Кыргызстандын илимдер академиясынын биринчи президенти болгон. (KCh)