ХАМАС партиясы жетектеген өкмөт жакында кетет жана бул бирдиктүү улуттук өкмөт курууга жол ачат

Бул тууралуу Палестинанын премьер-министри Исмаил Хания Газа секторуна кайтып келгенде билдирди. Өткөн жумада Сауд Арабиясында “Фатх” жана ХАМАС партияларынын лидерлери жолугушуп, Палестинада кырдаалды жөнгө салуу маселелерин талкуулаган эле.