Бүгүн парламентте бюджет маселеси талкууланганда депутат Алишер Сабиров Жогорку Кеңештин депутаттарынын маянасы эмне үчүн көбөйтүлбөй жатканын Каржы министринен сурады. Анын айтымында, көп жылдардан бери депутаттардын айлыгы 6 миң сомдон жогорулай элек. Акылбек Жапаров өз жообунда парламенттин аппаратынын айлыктары көбөйтүлгөнүн, ал эми жогору айлык алган мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы жакынкы 2-3 жыл аралыгында көтөрүлбөстүгүн билдирди. (AJ)