Түркмөнстандын жаңы президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун ант берүү аземи болду

Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматына ылайык, президенттикке талапкер Бердымухаммедовду колдогондор 90 пайызга чукул болгон. Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 98 пайыздан ашыгы катышкан эле. Президенттик орун үчүн алты талапкер ат салышкан. Чет жакта жашаган түркмөн оппозициясынын лидерлерине шайлоого катышууга уруксат берилген эмес.