14:24 Билим жана илим министирлиги жыл жыйынтыгын чыгарууда

Кеңейтилген жыйынга областтык, райондук билим берүү бөлүмдөрдүн жана илимий-изилдөө борборлорунун башчылары, ЖОЖдордун ректорлору, техникум директорлору катышат. Жыйында билим берүүнүн ар бир баскычындагы – мектепке чейинки, мектеп жана жогорку билим берүү системасындагы маселелер жана аларды чечүү жолдору талкууланмакчы. (JTo)