7:38 Жогорку Кеңеш бүгүн быйылкы жылдын бюджети боюнча маселени карап баштаары күтүлүүдө

Кечээ парламентте быйылкы бюджетти 2 же 3 баскычтуу деңгээлде кабыл алуу маселеси талкууланып, көпчүлүк депутаттар анын 2 деңгээлдүү болушун жактаган. Жыйынга катышкан премьер-министр Азим Исабеков бул маселе боюнча сунуш жана сын пикирлерден соң алгачкы алты айда кыйынчылык болоорун айтып, бирок ага карабай эки деңгээлдеги бюджеттин кабыл алынышына даярдыгын билдирген.(SM)