8:12 Коргоо министрлиги армияны реформалоонун экинчи баскычын баштоодо

Коргоо министрлиги быйыл офицерлердин социалдык абалын жакшыртуу, аскер бөлүктөрдө китепкана, окуу залдарын курууга киришет. Мындай билдирүүнү коргоо министри Исмаил Исаков 16-февралда Түштүк аскердик тобунда болгон учурда жасаган. Исаковдун айтымында, Коргоо министрлигин реформалоонун биринчи бөлүгүндө аскерлердин кызмат өтөөсүнө шарт түзүү ишке ашырылды. Эми анын экинчи бөлүгү ишке ашырылмакчы. (AiT)