Иран уран байытууну токтотпой тургандыгын эскертти

Ирандын тышкы иштер министрлиги бүгүн Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин талабына баш ийбей тургандыгын бышыктады. Кеңеш Тегеранга уран байытууну токтотууга 21-февралга чейин мөөнөт берген эле.