Азербайжанда нааразылык акциясы өттү

Кечээ Азербайжандын баш калаасы Бакуда “Мусават” оппозициялык партиясы көгүлтүр газга, отун-кубатка жана мунайга болгон баанын жогорулашына каршы нааразылык акциясын өткөрдү. Акцияга болжол менен беш жүз адам катышты. Алар “Жакырчылыкка ЖОК!” деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Зейнеп Мартбек кызы, Прага