БУУнун Коопсуздук кеңешинин уранды байытуу программасын токтотуу талабына Иран баш ийбейт

Бул тууралуу аятолла Али Хаменей Сириянын президенти Башар ал-Ассад менен жолугушуу учурунда билдирди. 21-февралда Коопсуздук кеңешинин Иранга берген мөөнөтү аяктайт. Эгерде ал убакытка чейин коюлган талап аткарылбаса, Иранга каршы жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн.