КЫРГЫЗ ТӨРӨЛӨРҮ КЫМБАТ МАШИНАЛАРДЫ МИНЕТ

Кыргызстанда мамлекеттик чиновниктер 50 миң доллардан кем турбаган кымбат машиналарды мингенди мода кылып алышты. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган мындай кызмат машиналарды кыскартуу жөнүндө өкмөт башчы да өткөн жумада айтты.
Кыргызстанда мамлекеттик чиновниктердин басымдуу бөлүгү мамлекеттин эсебинен чет элдик кымбат баадагы машинелерди минип, чет мамлекеттерди кыдырганды адат кылып алышкан.

Албетте, мындай чыгымдарга калктын көзү да көнүп, мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алынып калган. Премьер- министр Азим Исабеков өткөн жума күнү акимдер, губернаторлор жана шаар башчылары менен болгон жыйынында дал ушул кызмат машинелерин кыскартуунун зарылдыгын белгилеген.

Ал антип оозун жыйганча парламент депутаты Темир Сариев кечээ сессияда президент Курманбек Бакиев казынада акча тартыш деп жатып, кымбат баалуу бир нече жаңы машинаны кайдан алып жатат деп суроо салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев өкмөт башчысы Азим Исабековдун бул демилгесин колдойт. Ал кымбат машиналарды кубалап миниш мамлекеттик чиновниктер арасында ооруга айланып баратканын айтып, казынанын абалына карап кыскартууну колдойт.

Депутат белгилегендей кыргыз өкмөтү мамлекеттик казынадан "атайын каражат" деген беренени көзөмөлгө албаса болбойт. Бул беренедеги салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн алынган 2 миллиарддан ашуун сом чиновниктердин шаан-шөкөтү, жумшак эмереги жана кымбат машиналары үчүн өзүнчө бөлүнгөн каражат бойдон калууда.

Бишкек шаарынын тургуну Кеңешбек Миңбаевдин айтымында мамлекеттик кызматкерлердин кымбат машинелерин уул - кыздары, үй бүлө мүчөлөрү минип, өз кызыкчылыктарына пайдаланып жүрүшөт.
Ысыккөлдүк Талантбек Ылайтегиндин пикиринде мамлекеттик чиновниктер кымбат машиналарды минип жүрсө элдин турмушу кайдан оңолсун.

-Бай өлкөлөрдү караңыз, ал жакта тескерисинче жөнөкөй эле машиналарды минишет». Бизде болсо мамлекеттик кызматкерлер арасында өзүнчө эле мелдеш жүрүп жаткандай. Ошол машиналардын жүрүп турганына кеткен чыгым ошол чиновниктин кол алдындагы кызматкерлердин маянасынан да ашып түшүүдө.

Чынында эле мамлекеттик гаражга баш баксаң совет убагында өтө кадырлуу «Волгалар» өтө жупуну көрүнүп калды. Себеби өңдөрү кулпуруп, биринен бири өткөн, укмуштай жалтылдаган чет элдик машиналар тим эле көз жоосун алып тизилип турат.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рүстөмбеков «Тойота-Лендкруизерди» минип жүрөт. Мындан башка министрлер деле кымбат баадагы “Мерседес”, “Ауди” , “Тойота” үлгүсүндөгү машине минишет. Маданият жана маалымат министри Султан Раев да акыркы үлгүдөгү «Мерседести» минип жүрөт.

Өлкөнүн ички иштер министри Болотбек Ногойбаев бир эмес, эки тулпарга ээ. «Жип» менен «Мерседес» министр мырзага кызмат кылууда. Ал эми губернаторлордон бирден эмес, экиден кызматтык машина мингендери да бар. Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев «Мерседес-600» менен «Жип» “Тойота-прадону” алмак-салмак минет.

Нарындын губернатору Жыргалбек Азылов да андан кем бекен. Ал Аскар Салымбековдон калган ак «Жипти» минип жүрөт. Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитов да “Тойота-Прада” “Жип” машинасы менен чапкылап жүрөт.

Эң кымбат машине минген аким Кочкор районунун башчысы Курманбек Байтереков болуп чыкты. Ага акыркы үлгүдөгү “БМВ” унаасы кызмат кылат.

Мамлекеттик жогорку кызматтагылардын ар бирининкин ушинтип санап отурганга убакыт тар.
Чынында мындай кымбат машинелер мамлекеттик ишкана жетекчилеринде да жок эмес. Алардын мындай ашыкча чыгымга барышына кыргыз өкмөтү тынчсыздана баштагандай түрү бар.

Өлкөнүн Каржы министрлигинен мамлекеттик чиновниктердин кызмат машинелерине, аны айдаган айдоочуларга, күйүүчү май тейлөө сервистери үчүн казынадан канча каражат кетээрин билүүгө болгон аракетибизден майнап чыкпады.

Бишкектин тургуну Бактияр Жакшылыковдун пикиринде айрым өкмөт мүчөлөр бир эмес, 2-3 кызматтык машина минип, үйбүлөлүк деп өзүнчө машина карамаганга өтүштү. Өлкөнүн каржы министри Акылбек Жапаровдун кызматтык “Мерседес” машинасын көпчүлүк убактарда “Аян” аттуу дүкөн иштеткен келинчеги минип жүрөөрүн коңшусу Бактияр Жакшылыков байкаганын билдирди.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин МАИ башкармасынын жетекчисинин орун басары Калысбек Темиров кызмат машиналарынын санын так айтууга мүмкүн эместигин айтып, кыскартууну колдоорун кошумчалады.