16:32 Славян университетинде Түштүк Кореянын күндөрү өткөрүлөт

21-22 февралда өтө турган бул иш чара күн чыгыш өлкөсүнүн тарыхы, маданияты жана үрп-адаттарына арналган. Корея күндөрүнө Тышкы иштер министирлигинин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттер катышат. Университеттин кире беришинде Кореяга арналган сүрөт жана фото көргөзмөсү болот. (AiJu)