Өзбек соту “Эрк” оппозициялык партиясынын лидери Исроил Холдоровду алты жылга эркинен ажыратты

57-жаштагы Холдоров 2005-жылы май айында Анжияндагы көтөрүлүшкө катышкан. Ага конституцияга каршы келген иштерди жасаган, коомдук тартипти бузган жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айыптар тагылды.