Румыниянын мурдагы лидери акталды

Бухарест соту Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы Румыниянын лидери Ион Антонескуну 1941-жылы Советтик Союзга кол салуу үчүн жооптуу эмес деп тапты. Сот тараткан билдирүүгө ылайык, советтик армия Румыниянын аймагын согушка чейин бир жыл мурун эле ээлеп алган. 1946-жылы Антонеску жана айрым өкмөт мүчөлөрү аскерий кылмышкер деген айып менен өлүм жазасына тартылган.