16: 20 БШК эки шайлоо округунун аймактык шайлоо комиссияларынын курамын бекитти

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы №57 Кемин жана №40 Отузадыр шайлоо окургдарынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамын бекитти. Ошондой эле ал округдарда шайлоо өткөрүү даярдыгын көрүү, көзөмөлдөө-текшерүү тобу түзүлгөнүн БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова “Азаттыкка” билдирди. Аталган округдардан мурда депутаттыкка шайланган Айдар Акаев менен Мурат Малабаев Жогорку кеңештин ишине катышпагандыгы үчүн мандатынан ажыратылган болчу. Бул эки округда шайлоо 29-апрелге белгиленген. (AJ)