“Румыния жакында эле АКШга берген сөзүнө турушу керек. НАТОго кирүүгө аракет жасап жатканда, АКШ бизди колдогонун унутпайлы” деп кошумчалады президент. Кечээ Британ өкмөтү Ирактагы жоокерлердин санын кыскарта тургандыгын билдирген эле. Учурда Иракта Румыниянын алты жүз беш жоокери кызмат өтөйт.