13:00 “Акыйкат” саясий партиясы келерки парламенттик шайлоого даярдык көрө баштады

Бул тууралуу аталган партиянын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда жакын арада жер-жерлерди кыдыруу менен партиянын катарын бекемдөө иштери жүргүзүлө баштамакчы. Кеңешбек Дүйшөбаевдин сөзү боюнча аталган партия өлкөнүн стабилдүүлүгүн, элдин биримдигин сактаган кыймыл-аракеттерди колдойт.
“Акыйкат” саясий партиясынын беш миңден ашуун мүчөсү бар.