15:06 Россия Кыргызстандын тышкы карызын тейлөөгө 1 миллиард доллар насыя берүүгө даяр

Мындай ниетти Россиянын каржы министри Кудрин 22-февралда кыргыз-орус өкмөт аралык сүйлөшүү учурунда билдирген. Бул насыя бизнес-долбоорлорду аткарууга жумшалып, анын негизинде кайра түзүлгөн ишканалардын кирешесинин эсебинен аны төлөө жагы караштырылууда. (AiT)