Аба-ырайынын кескин суушунан улам АКШнын вице-президенти Дик Чейни менен Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын жолугушуусу 27-февралга жылдырылды. Кечээ Чейни Баграм шаарынын жанындагы америкалык аскерий базага келерден мурун Пакистанда президент Первез Мушарраф менен жолугушуп, ислам жаңчыларына каршы жаңы чабуулду талкуулаган.