Британиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, кечээ Лондондо дипломаттар кийинки кадамдарын аныктоо үчүн чогулду. Алар кырдаалды тынч жол менен чечүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууда деп айтылат билдирүүдө. Сүйлөшүүлөр бейшемби күнү улантылат.