18:06 Нарында браконьерлер илбирс менен бүркүттөргө мыйзамсыз аңчылык кылууда

Нарын аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башкы адиси Равшан Турсунбаевдин айтымында, ал жакында Аксайда атайын рейдде болгон. Рейд учурунда эколог мылтыкчан эки браконьерди көрүп, жалгыз болгондуктан кууп жетпей калган. Алар качкан жерде капканга түшкөн түлкүнү алам деп бир буту менен капканга түшүп калган бүркүттү куткарып Нарын шаарына алып келген. Бүркүт Нарын коругунда багылып туруп, атайын догдурлар жок болгондуктан догдур бар Караколдогу зоопаркка алынып кетти. Караколдогу зоопарктын жетекчилиги 7 жаштагы ургаачы бүркүттү дарылап, апрелде учурууга же уча албаса атайын бүркүтчүлөргө өткөрүп берүүнү убада кылышты. Андан сырткары өткөн жылы да браконьерлерден илбирстин эки баласы тартылып алынып, бирөө өлүп, бирөө Нарын коругунда багылууда. (JI)