Белградда нааразылык чаралар өттү

Кечээ АКШнын Белграддагы элчилигинин алдында миңдеген адам чогулуп, БУУнун Косовонун келечек макамы тууралуу планына нааразылыгын билдирди. Акциянын уюштуруучулары ырасмий Вашингтон Косовонун эгемендүүлүгүн активдүү жактоодо деп эсептешет.