12:40 №40 Отузадыр шайлоо чөлкөмүнө үч адам талапкерлигин койду

Алар “Кербен” соода борборунун жетекчиси Равшанбек Сабиров, Чукул кырдаалдар министрлигинин аскер күчтөрүн даярдоо башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жунусов, №59 Кесиптик-техникалык окуу жайынын директору Бакалбай Калмаматов. Ал эми №57 Кемин шайлоо округу боюнча азырынча талапкерлер каттала элек. 29-апрелде Жогорку Кеңшке депутаттыкка шайлоо өтүүчү эки аймакта талапкерлерди каттоо 19-мартта аяктайт. (AJ)