8:35 Жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга 700дөн ашуун үй курулат

Мындай буйрукка кечээ премьер-министр Азим Исабеков кол койду. Ага ылайык, Нарын, Баткен жана Ысыккөл облустарынын зилзаладан жапа чеккен аймактарына мектеп, саламатыкты сактоо мекемелери да курулат. Бул үчүн эки млрд. сомдой каражат бөлүнмөкчү. (SM)