9:15 Өзүн өзү өрттөгөн Сабыржан Сабиров кечээ (1-мартта) саат 17:30 каза болду

Анын денесинин 95 пайызы күйүп кеткендиктен, ал эсине келбей көз жумду. 62 жаштагы Сабиров өлкөдө акыйкаттык жок, деп 27-февралда парламент алыднда өзүн өзү өрттөгөн. Биринчи май райондук ИИБ башчысы Болот Нурманбетов Сабировдун окуясы боюнча кылмыш иши козголбогонун, бирок бул боюнча иликтөө жүрүп жатканын кечээ “Азаттыкка” билдирген. Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун Сабировдун окуясынын чыгышына эмне себеп болгондугун, кимдер күнөөлү экендигин комиссия иликтеп жатканын бүгүн маалымдады. (АJ)