Стабилдүүлүктүн бирден бир шарты- улуттук консолидация, бардык саясый күчтөр менен диалогго баруу, тил табышуу. Оппозиция бийликти тили жетишинче сындап, бирок конструктивдүү болуп, талаптардын аткарылышына жетишүүсү керек. А бийлик сынга терикпей, досторун да душманга айлантпай, кыйратып койгонсуп дөөгүрсүбөй, кечиримдүү болуп, оппозиция менен алака-катнашка келүүсү зарыл. Керек болсо коалициялык өкмөт курууга чейин барса жаман болбойт. Эгер бийлик ушуну кааласа, каалабаса буга окшогон бийликке эч бир убал жок. Жаз болбосо, күздө кулап түшөт, деп айтты экс-мамкатчы О.Ибраимов «Агым» гезити менен курган маегинде. Ушул эле гезитке белгилүү публицист А.Токтомушевдин «Хлестаковдор» аттуу жолбүгүнү жарык көрүп, ушу тапта кошоматчылар коомчулугу Бакиевдердин урматына барабан кагып, калпты-чынды койгулаштырып жатканын, анысына күн санап президент да көнүп баратканын, өзүн эле эмес, үйбүлөсүн, ага-туугандарын даңктоого өткөнүн, маркум иниси Ж.Бакиевдин ашын кыргыз телеси чоң окуя катары кайра-кайра көрсөткөнүн, Пушкиндин атын алып ыргытып ал мектепке ошол эле Жусуп Бакиевдин атын ыйгарганын, эстелигин орнотконун, жөн турмушта болобу, руханий дүйнөдө болобу, адамзат пендесине Жусуп Бакиев Пушкинчелик таасир бере алды беле, деп суроо коюп, кезинде Майрам Акаеванын кошоматчылары да Таластын борборуна анын атасынын эстелигин орнотконун, ааламдагы жалгыз акылман катары даңктап китеп жазганын, акыры ошол Дүйшөн ата атка сүйрөтүлүп, башы жулунуп, ордуна арактын бөтөлкөсү сайылып калганын укканбыз, тарыхтан тажрыйба, сабак албайт экенбиз да, деп жыйынтыктайт макаласын автор.
«Жаңы ордо» гезити Куловдун кайрылуусун кандай кабыл алдыңыз, деп депутат Д.Садырбаевге суроо салганда, ал Кулов эч качан оппозицияда болбогонун, эки жыл бою Бакиевге кошомат кылып келгенин, генерал керек болсо оппозициянын алдында өзүн өзү актай электигин, кечээ эле эң жакын адамдары Ө.Текебаевди, Б.Шерниязовду, М.Эшимкановду, А.Атамбаевди, Э.Байсаловду, Ч.Жакупова менен А.Сасыкбаеваларды «дискет-гейт» аркылуу Улуттук коопсуздук комитетинин колуна салып бергенин Кулов унуткан менен эл унута электигин, жана дагы ушул сыяктуу көп маселелердин башын козгогон.
«Кыргыз руху» гезити Балыкчы шаарына 700 миң евролук жалаң италиялык жабдуудан турган кондитер фабрикасын курган, 120 кишини иш менен камсыз кылган, эл түндүк-түштүк дебей элге 280 миллион сом кредит берип, акырында ал акчасын кечип койгон Урмат Барктабасов кыргыздын чыныгы мекенчил уулу деп жазган Тоң районунун тургуну Ырысбек Кожобековдун пикирин жарыялады.
«Кыргыз туусу» гезити ХИПИК темасына кайрылып, андан баш тартканыбыз менен эми карызды төлөй турган кез келгенин эскертип, бул боюнча социалдык-саясый технологиялар институтунун деректири, профессор Жамгырбек Бөкөшовдун ойлоруна орун берген. Профессор мырза карыздан кутулунун 7 жолун сунуштаган.
«МСН суббота» гезити Кыргызстанда аракечтик өсүп баратабы, деп суроо коюу менен, 2005-жылы 5 миллион калк 58 миллион литр арак, 34 миллион литр коньяк, 58 миллион литр пиво ичкенин, аракечтиктин арты орду толгус оор дарттарга, салт, нарк, моралдык асылзат касиеттердин кыйрашына, үйбүлөнүн талкаланышына апкелип жатканын кеп кылат.
«Бишкек таймс» гезитине берген үй бүлөлүк маегинде, белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова саясат айдыңына кайрылып, бир Корей улутундагы аял беш жыл Арбастанда түрмөдө олтуруп, араб тилин үйрөнүп, куранды жатка билип чыкканын, ал эми Кулов болсо өз эне тилин үйрөнө албаганын, кыргыз тилин билбеген адам эч качан кыргызга күйүп, кыргызды сүйбөстүгүн, ошондуктан ал Куловду такыр колдобостугун айткан.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ