Косовонун президенти Фатмир Сержио сыналгыдан провинция калкына жасаган кайрылуусунда нааразылык чараларды токтото турууга жана БУУнун планына колдоо көрсөтүүгө чакырды
Бардык зордук-зомбулук Косовонун эгемендүүлүгү боюнча жараянды коркунуч алдында калтырат деп айтты президент Сержио. “Эгемендүүлүк үчүн” жаштар кыймылы ишемби күнү Косовонун баш калаасы Приштинде БУУнун планына каршы нааразылык чараларын өткөрөт.