13:55 Токон Шайлиева: Эгерде Кыргызстанда көп аял алуу мыйзамдаштырылса, анда көп эрге тийүүгө да уруксаат берели...

“Жаңы күч” партиясынын лидери Токон Шайлиева депутаттар көп аял алуу маселесин өз кызыкчылыктарын көздөп чыгарып жатканын айтып, Кыргызстандын баш мыйзамына ылайык, аял менен эркектер тең укуктуу экенин белгиледи. Эркектерге көп аял алууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, анда айымдардын укугу одоно бузулат деп билдирди Токон Шайлиева маалымат жыйынында. (JTo)