Кыргыз бермети сазга айланып кетүү коркунучундабы?

Бул апта ичи кыргыз өкмөтү Ысыккөл аймагын өнүктүрүүнүн генералдык планын иштеп чыгып, атайын токтом кабыл алмакчы. Өкмөт мүчөлөрүнүн ырасташынча, учурда Ыссыккөлдөгү экологиялык нормалардын сакталбагандыгы, курулуштардын талаптарга жооп бербегендиги жана атайын өнүктүрүү планынын жоктугунан улам кыргыз бермети сазга айланып кетүү коркунучунда турат.
Кыргыз бермети аталган Ысыккөлдөгү көптөн бери топтолуп кеткен маселелерди чечип, аймакты өнүктүрүүнү колго албаса жакынкы арада көл сазга айланып кетиши ыктымал. Ыссыккөлдүн учурдагы абалын иликтөөгө алган өкмөт мына ушундай жыйынтык чыгарды. Маселени чукул арада чечүү үчүн өкмөт мүчөлөрү көлдү өнүктүрүүнүн генералдык планын иштеп чыгып, ушул аптада атайын токтом кабыл алышмакчы. Архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун ырасташынча, Ыссыккөл өзүн-өзү биологиялык жол менен тазалагандыктан, көлдөгү проблемалар учурунда чечилбесе эки-үч жыл аралыгында сазга айланып кетиши мүмкүн. Көлдөгү көйгөйлөр тууралуу ал төмөнкүлөргө токтолду:

- Бул генералдык план Торуайгыр айылынан Бозтериге чейин камтыган чоң документ болуп саналат. Биринчи жолу өкмөт советтер союзу бузулгандан бери Ысыккөлдү колдонуунун эрежесин бекитип атат. Базар экономикасы деп азыр Ысыккөлүбүздү талкалап атабыз, ошентип жерлерди сатып, ар ким каалагандай курулуштарды куруп атышат. Кээ бир пансионаттар азыр элүүдөн, жетимиштен бөлүктөргө бөлүнүп кеткен. Ар кимиси тосмолорду куруп алып эми көлгө кантип жетерин билбей атышат. Анысы аз келгенсип жанагы суу жагынан, канализация жагынан маселеси чечилбей көлдү биз азыр талкалап атабыз. Ысыккөл өзү адамдын организмине окшош да. Бир суу чыкпайт, бардык суулар көлгө агып кирет. Мындайча айтканда адамдар жасаган кирдин баары көлгө кирип атат. Өзүн өзү биологиялык жол менен тазалайт. Аны да көтөрө турган өлчөмү бар. Эгерде ошол көтөрө турган өлчөмүнөн өтүп кете турчу болсок, анда көл бир, бир жарым жылдын ичинде саз болуп калышы мүмкүн. Бул эсепти биз жасаган жокпуз. Муну илгери Москвалык илимий институттар эсептеп чыгып коюшкан. Мына ошондуктан биз азыр генералдык планды иштеп чыгып атканда, ошол пландын негизинде «мобундай гана өлчөм болушу керек» деп, ошолордун нормаларын бекитип атабыз. Ошол токтом кабыл алынгандан кийин, ошону аткарып отурсак Ысыккөлдү сактап калабыз. Эгерде дагы бир-эки жыл муну аткарбай койсок көлдү биз жоготуп алышыбыз мүмкүн.

Биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов буга байланыштуу тиешелүү мекемелерге тапшырма берип, жакын арада генералдык план боюнча Ысыккөлдү өнүктүрүү иш-чаралары башталарын айтты:

- Биринчи ирет Бишкектин генералдык планын бекиттик. Мына азыр Ысыккөл регионунун өнүгүү планын жана генералдык пландарын бекитип атабыз.

Ошондой эле өкмөт мүчөлөрү Ысыккөлдөгү Тамчы айылында жайгашкан аэропорттун абалы, келечеги тууралу да кеп козгошту. Данияр Үсөнов бул аэропорттун келечеги бүдөмүк экендигине токтолуп, аэропортко байланыштуу ыгы жок чыгымдарга барбоо керектигин баса белгиледи:

- Аэропорт абдан кымбат инженердик мекеме. Анын пайдасын, сыйымдуулугун, бардык жагын эсептеш керек. Анан сиздин аэропортуңузга бир жылда жыйырма самолет келип консо, анан ал өзүн кантип актайт. Бүт баарын эсептеш керек да. Азыр мына Алмата – Чолпоната деген жаңы жол курулса, анда самолет такыр эле конбой калат. Ошондо биз бүгүн аэропортко короткон акчаны ким, качан кайрыйт. Ошон үчүн бул экономикалык эсептер боюнча мен тапшырма бердим, жакын арада бүтүрүшү керек. Андан кийин биз чечим кабыл алабыз.

Жаңы түзүлгөн Туризм агенттигинин жетекчиси Турусбек Мамашев, көлдөгү экологиялык маселелерди чечсе болот, Кыргызстандагы туризмдин жана Ысыккөлдүн келечеги чоң деген ойдо:

- Чындап эле көлдүн экологиясын бузуп жибербей сактап калуу, таза кармоо керек. Жаңы түшүп аткан имараттарды мыйзамдын негизинде, өзүнүн нормаларын сактап куруу зарылчылыгы турат. Бул жөнүндө өкмөт жыйынында сөз болду. Мурдараак сөз болсо жакшы болмок. Бирок, азыр деле кеч эмес. Менимче туризмдин келечеги өтө чоң, көлүбүздүн келечеги өтө чоң. Бардыгы жакшы болот.

Былтыркы жылы өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал анчейин стабилдүү болбогону менен адистер Ысыккөлгө келген туристтердин саны миллиондон ашып, белгиленген нормага жеткенин айтып чыгышты. Кыргыз өкмөтү ишендиргендей, эми генералдык план ишке ашып, Ысыккөлдүн инфраструктурасы замандын талабына жараша жакшырса, алыскы чет өлкөлөрдөн да акчалуу туристтер көп келе баштамакчы.