Иран Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттикке өлкөнүн атомдук программасынын тынчтык масатты көздөөрүн далилдей алган жок

Бул тууралуу Венада МАГАТЭнин жетекчиси Мухаммед эл-Барадейи билдирди. Анын айтымында Ирандын кызматташуудан баш тартып жатышынан улам атайын адистер өзөктүк курал чыгаруучу объектилерде текшерүүлөрдү өткөрө албай жатышат. Ушул жумада МАГАТЭ Иранга каршы киргизиле турган жаңы санкцияларды ратификациялайт.