БУУнун Коопсуздук кеңешинин Иран боюнча бейрасмий талкуулары кечээ дагы улантылды

Өзөктүк программасын токтотуудан баш тарткандыгы үчүн кеңештин туруктуу беш мүчөсү жана Германия Тегеранга каршы жаңы санкцияларды караштырууда. Нью-Йоркто өтүп жаткан талкууга АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия катышып жатат.