Талибдердин бийликтен алты жыл мурун кеткенине карабастан Ооганстанда адам укуктары дагы эле сакталбай келүүдө

Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө айтылат. Бул үчүн талибдердин жана “ал-Каида” уюмунун мүчөлөрү жооптуу болгондугу кошумчаланууда. Ооганстанда адам кыйноолор, мыйзамсыз камакка алуулар жана абактагы шарттардын начардыгы адам укугунун одоно бузулушуна жол ачууда деп айтылат билдирүүдө.