Жолугушуунун негизги темасы - климаттын өзгөрүүлөрү менен күрөшүүнүн жолдорун табуу. Евробиримдиктин лидерлери 2020-жылга карата көмүр кычкыл газдарынын калдыктарын 1990-жылга салыштырмалуу 20 пайызга кыскартуу долбоорун талкуулашууда. Бирок Евробиримдиктин мүчөлөрү арасында олуттуу пикир келишпестиктер бар. Германиянын канцлери Ангела Меркель саммиттин катышуучуларын татаал сүйлөшүүлөр күтүүдө деп билдирди.