Ооганстанда немец жараны курман болду

Белгисиз жаңчылар Ооганстандын түндүгүндөгү Сари Пул провинциясында германиялык жаранды атып кетишти. Ал Ооганстанда айыл-чарбага көмөктөшкөн топто иштечү. Талибдер аны менен кошо жүргөн үч ооган тургунун бошотуп жиберишкен. Буга дейре Ооганстандын түндүгү өлкөнүн түштүгү жана чыгышына салыштырмалуу тынч деп эсептелип келген.