11:50 «Кристаллдын» акциясы өткөн жылдын соңунда чыгарылган

Муну финансылык көзөмөл боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Юруслан Тойчубеков бүгүн билдирди. Буга байланыштуу Өмүрбек Текебаев Тойчубековду жана өкмөттү айыптап, силер “Кристаллды” сатууну атайын уюштургансыңар деп күнөөлөдү. Текебаевдин айтымында, акциялаштырылбаганга байланыштуу заводдун акциялары сатылбай турган. Тойчубековдун мекемеси 28-декабарда аны чечкен. Мына ошондон кийин “Кристаллды” жашыруун түрдө сатууга аракет жасалган. (AiT)