10:30 Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу өнүгөт

9-март күнү экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Сабырбек Молдокулов Кытай Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Чжань Яньнянь менен жолугушту.
Аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуусу жана анын айланасындагы маселелер тууралуу сүйлөшүштү. Мындан тышкары жакында Кыргызстанда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммити, ага көрүлүп жаткан даярдыктар, Кыргызстандын аймагындагы темир жол курулушу жөнүндө да сөз болгон.