Бишкек ТЭЦин сатып, андан сарамжалданган каражатты Камбарата-1 ГЭСин курууга жумшоо зарыл. Мындай демилгени ЖК айрым депутаттары кечээ отун-энергетика комитетинде болгон талкууда көтөрүп чыгышты. Депутат Акматбек Келдибековдун сөзү боюнча ТЭЦ жалаң чыгаша менен иштеп келе жатат:
-Жылытуу сезонуна даярдоо үчүн Бишкек ТЭЦине жылыга 1 млрд 540 млн сом жумшалат. Түшкөн киреше болгону 270 млн сом. Калганы баары чыгаша болууда. Ошондуктан, ТЭЦти сатып, андан сарамжалданган каражатты Камбарата-1 ГЭСинин курулушуна жумшоого болот эле.
Дагы бир депутат Алманбет Матубраимов ТЭЦтин жабдууларын, түтүктөрүн оңдоого кыргыз өкмөтүнүн кудурети жетпей тургандыгын айтты.
Талкууга катышкан премьер-министр Азим Исабеков болсо ТЭЦ менчикке өткөн учурда Бишкек шаарын жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуунун баасы да кымбаттай тургандыгын белгиледи.