Комшо Штаттардын президенти Жорж Буш жана анын катуу сынчыларынын бири Венесуэланын мамлекет башчысы Уго Чавес Латын америкасында атаандаш сапар менен жүрүшөт. Кечээ Буш Бразилияда сүйлөп, анын администрациясы чөлкмөдүн жакырчылыкка батып баратканын көңүл сыртында калтырып келди деген айың кептерди четке какты. Анын аралыгында Чавес Аргентинада Буштун сапарын элдик кыймылдарды бөлүп жарууну көздөгөн “империалдык чабуул” деп айыптады. АКШ президенти визитин Уругвайда улантууда, Чавес болсо Боливияга аттанмакчы.