Жак Ширак үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышка катышпай тургандыгын жарыялайт деп күтүлүүдө

Бүгүн кечинде Франциянын президенти Жак Ширак үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышка катышпай тургандыгын жарыялайт деп күтүлүүдө. Ошентип, 73-жаштагы Ширак 40 жылдан кийин чоң саясаттан кетип жатат. Анын бүгүнкү кайрылуусу Франциянын көпчүлүк теле жана радиоканалдарынан түз тартууланмакчы.