Кыймыл кечээ жер-жерлерде 9-апрелден тарта мөөнөтсүз нааразылык чараларын баштоо чечими кабыл алынганын жарыялады. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жана чыныгы конституциялык реформа жүргүзүү талаптары менен өтчү мындай митинг 11-апрелден тарта Бишкектеги «Алатоо» аянтында уланат. (SM)