Талас облустук акимчиликтин алдында шаардык билим берүү тармагында иштеген 200гө жакын кызматкерлер митингге чыгышты. Алар билим жана илим министри тарабынан кайра бекитилген Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кенжаалы Орозалиевге каршы чыгышууда. Акцияга чыккандар кырдаал тууралуу билим берүү министринин чечимин күтүшүүдө.
Митингде шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кызматын убактылуу аткарып келген Батма Разакунова Кенжалы Орозалиевге мөөрдү өткөрүп берди:
- Мөөрдү бербей атасың деп күнүгө үйгө телефон чалып менин тынчымды алды. Эреже боюнча мөөр бул кишинин колунда болуш керек. Силердин көзүңөрчө актыны жаздым, мөөрдү берем.
Кенжаалы Орозалиевге каршы чыккан мугалимдер жамааты маселе чечилмейинче митингди токтотпойбуз деп айтышууда. Талас шаарындагы №1 бала бакчасынын жетекчиси Майрам Шеркулова:
- Мугалимдер жааматынан 13 жетекчи Орозалиев Кенжаалыга каршы митингге чыкканбыз. Ал киши менен биз иштеше албайбыз. Ал кишинин педагогикалык жааматта орду жок.
Талас шаарындагы “Теремок” деп аталган бала бакчанын жетекчиси Зинаида Алаярова:
- Бүгүнкү чыгышыбыздын себеби, Орозалиев менен иштеше албайбыз. Билим системасында моралдык-психологиялык жактан климатты аябай жаман кылып койду. Канча иштеп атат, сот процесттер менен жүрөт. Бул киши өзүнүн сүйлөгөн сөзү менен, мүнөзү менен мугалим статусуна туура келбейт. Бул киши билим берүүдө таптакыр иштебеши керек.
Министр буйрукту туура чыгарып маселени чечпесе Талас шаарындагы мугалимдер жамааты толугу менен жумушту таштап, арыз жазып кетээрин өз сөзүндө кошумчалап кетти Зинаида Алаярова.
Кайрадан шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына бекитилген Кенжаалы Орозалиевден жетекчи катары каршы болгон кол астыңызда иштеген мугалимдер менен сүйлөшүп көрдүңүзбү деп сурадык:
- Мугалимдердин баары мени колдоп атат. Бул кишилер менен да сүйлөшүп чыктым, сизге эч кандай каршылыгыбыз жок, жетечилер келгенде аргасыздан аларды колдоп атабыз дешти. Жазып берип атам, акт түзүп келип атат деп. Ал эми эч кандай тартипсиздикти колдонгон жок ушул күнгө чейин. Булардын жүргөнүнө 3 күн болуп калды. Бүт мыйзамдарды бузуп келип атат. Эмгек кодекси биздин өлкөдө жараксыз болуп калды.
Ал эми облустун губернатору Байымбет Мураталиев "маселе өтө оор, бул кырдаалды бир гана министр чечет, министрдин чечимин күтөбүз", деп айтууда.