7:15 Таласта бүгүн аймактагы алтын кендерин иштетүүгө каршы митинг өтүшү күтүлүүдө

Облустук акимчиликтин алдында өтүшү күтүлүп жаткан бул нааразылык чара “Таза табият – келечегибиз» деген ураан астында өтмөкчү. Аймактагы кабарчыбыздын маалыматына караганда, элдин нааразылыгына экологиялык маселелер себеп болууда. Мындай митинг 7-мартта Талас районундагы Манас айылында да болгон. (SM)