13:02 Данияр Үсөнов Аламүдүн районундагы жер сатуу окуясын териштирүүнү буюрду

Биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов Аламүдүн районунун Таштөбө айыл өкмөтүндөгү жер сатуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда, айыл өкмөтү тарабынан 0,7 гектар жердин жашыруун сатылгандыгы туурасында айыл тургундарынын нааразылыгы белгиленди. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Данияр Үсөнов Аламүдүн районунун архитекторун кызматтан алуу маселесин үч күндүн ичинде кароону Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттике тапшырды. Ал эми бул иш Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттик тарабынан териштирилет. (JJ)