ИСЛАМАБАД. Ооганстандын жана Пакистандын жетекчилери эки тараптын пуштун калкын терроризмге каршы күрөшкө көндүрүүгө макулдашышты. Эки тараптын өкүлдөрү Исламабадда үч күнгө созулган сүйлөшүүдөн кийин бири- биринин улуттук суверендүүлүгүн , улуттук кызыкчылыктарын жана территориалдык бүтүндүгүн сыйлоо менен иш жүргүзүүгө макул болушту. Эки тарап тең апрелде кайрадан жолугуп, уруу курултайларынын так датасын аныктамак болушту.