АКШ ракетага каршы радарды Кавказда орнотпойт

Бул тууралуу Американын ракеталардан коргонуу боюнча агенттигинин башчысы Генри Оберинг Киевде өткөн пресс-конференцияда билдирди. Айдын баш ченинде Оберинг АКШ ракетадан коргонуу системасынын бир бөлүгүн Кавказда да орнотууну кааларын маалымдаган эле. Бирок азырынча система Чехия жана Польшада гана жайгаштырылат деп билдирди Оберинг.