11:30 Апрель айынын соңунда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Бишкекке келет

Назарбаевдин иш сапарында эки өлкөнүн чектеш аймактарында соода-сатык комплекстерин куруу, саясий-экономикалык жана башка маселелерди ыкчам чечүү максатында жогорку деңгээлдеги мамлекет аралык кеңеш жана Ички иштер министрлеринин кеңешин түзүү боюнча Казакстан тараптын сунушу каралышы күтүлүүдө. Ошондой эле экономикалык байланыштар, маданият министрлеринин кызматташуу келишими, виза маселеси козголот, бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди. (AJ)