Демократиялык көпчүлүктүн өкүлдөрү сунуш кылган документте 2008-жылдын 1-сентябрына чейин Ирактан америкалык аскерлерди чыгаруу каралган эле. Долбоор кокус колдоо тапса,президент ага вето саларын Ак үй эскерткен болчу. Демократтар Жорж Буш Иракта баштаган согуштан эч тыянак чыкпаганын айтып, Америка ал жердеги граждандык согуш менен күрөшүүгө милдетүү эмес экенин белгилешкен. Бул учуруда Багдадда жарылган бомбадан кечээ америкалыктар дагы төрт жоокерин жоготушту.