8:29 Бишкекте бүгүндөн тарта милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт

Ага удаасы менен келаткан алдыдагы майрамдар себеп болууда. 21-мартта өлкөдө Нооруз, 24-мартта болсо элдик ыңкылап күнү белгиленет. Бул күндөрү Бишкекте бир жарым миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлгө алмакчы. (SM)