Пакистандын крикет боюнча командасынын машыктыруучусу жеңилүүдөн кийин каза тапты

Дүйнөлүк Кубок үчүн күрөштө Боб Вулмердин командасын Ирландия жеңип чыккан. Андан көп өтпөй машыктыруучу мейманканада эси-учун таппай жыгылып калганда табылып, бейтапканага жеткирилген. Анын өлүмүнө эмне себеп болгону белгисиз бойдон калууда.