Жаштардын республикалык ордосу «Манас» кинотеатрында жайгашкан. 20-мартта бул жерде Нооруз майрамын тосуу салтанаты өткөрүлөт. Бул маданий иш чара улуттук каада салттар менен коштолот. Программада чечен айтыш, от жагуу, ыр кесе, таң тосуу сыяктуу улуттук оюн-зооктор бар. (KCh)